Бишкектеги борбордук мечит бузулат. Ордуна эмне курулат?

Бишкектеги борбордук мечит бузулат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, мечиттин ордуна жаңы, заманбап, унаа токтотуучу жайы менен мечит курулат. «Мечиттин аймагындагы тарыхый объект сакталып калат, калганы бузулат», — дешти редакцияга.

Борбордук мечит Москва менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.