Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунун түштүк тарабына жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Жылытуу системасына туташтырууда келип чыккан бузулууларды жоюу жана кошумча иштерди аткаруу зарылдыгына байланыштуу, авария жоюлганга чейин «Чыгыш-5» кичи районунун түштүк тарабында жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Төмөнкү даректер боюнча жылуулук системасына кошуу токтотулду:

— Чыгыш-5 кичи районундагы 2/3, 3/3, 4/3, 5/3, 6/3, 7/3, 8/3, 13, 13/2, 17/2, 18/2, 10/4, 10/6, 10/7, 10/5 үйлөр;

—  Кийизбаев көчөсүндөгү 89/1, 87, 33, 31, 22, 22/1 үйлөр;

— Армейский көчөсүндөгү 50/1 жана 10/3 имарат (жеке бала бакча жана мектеп).

«Адистер азыркы учурда бузулууларды жоюу үстүндө иштеп жатышат, жылуулук берүү кечки саат 8:00гө чейин калыбына келтирилет. Ошол эле учурда, жогоруда аталган үйлөргө ысык суу берилип жатат», — дешти.