Бишкектеги «Чынар» базарында 3 жаштагы кыз ата-энесинен адашып кеткен

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн үч жаштагы кыздын үйүн таап, жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 12-майда саат 14:15 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Чынар» базарында кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, үч жаштагы кыз базарда адашып жүргөндүгү аныкталган.

Кайгуул кызматкерлери кызды кызматтык унаага салып, жашаган дарегин аныктап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришти. Өз кезегинде кыздын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.