Бишкектеги дагы бир базардын соодагерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Алардын айтымында, катуу суукка, ооруга карабай күнү-түнү иштешет, ал эми мамлекет аларга жардам бербейт. «Эми эч ким түшүнбөгөн кассалык аппараттарды киргизүүнү чечишти», — деп нааразы болушат алар. Алар да патентти калтырууну суранышууда.

Чогулгандарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен «Дордой» базарларынын ээси, ишкер Аскар Салымбеков барганы айтылды.