Бишкектеги «Дельфин» бассейни оңдоп-түзөөдөн өттү

Бишкектеги «Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Кыска убакыттын ичинде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланды», — деп жазылат маалыматта.

Айрыкча полдорго өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир зонага ылайык паркет, линолеум жана керамикалык плиткалар төшөлдү. Ошондой эле душ кабиналары жаңыртылды.