Бишкектеги «Достук» мейманканасына 25 миллион долларлык инвестиция тартылат

Бишкектеги «Достук» мейманканасына 25 миллион долларлык инвестиция тартылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Райымбеков билдирди.

«Имарат инвесторго өткөрүлүп берилген. Курулуш учурунда ал айына 40 миң доллар, ал эми мейманкана ачылгандан кийин айына 100 миң долларга чейин ижара акысын төлөйт», — деди Алмаз Райымбеков.

Анын айтымында, мейманкананын 36 пайызы мамлекетке тиешелүү.