Бишкектеги «Дубровский» рестораны муниципалдык менчикке өттү

«Дубровский» ресторанын имараты Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин комиссиясынын отурумунун чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылган. Автобустук линияны кеңейтүү зарылдыгына байланыштуу башка жер тилкесин берүү чечими кабыл алынган.

Бул чечимдин негизинде ресторандын ээлерине Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан болгон имаратты демонтаждоо тууралуу билдирүү тапшырылды.

«Бирок ижарачы мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү каалоосун билдирип, келишимге ылайык жалпы аянты 500 чарчы метрге жакын ресторандын имараты өткөрүлүп берилген, ошондой эле аянты 0,37 гектар болгон мурда ижарага алынган жер тилкеси кайтарылды, имарат 48 500 000 сомго бааланууда. Белгилей кетсек, ижарачы тарабынан эч кандай дооматтар жок. Бул жай мунипалитеттин максаттары үчүн колдонулат. Бишкек шаарынын мэриясы «Дубровский» ресторанынын ээлерине ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары, ресторандын администрациясынын өтүнүчү боюнча мекеме 7-августка чейин иштейт»,— дешти.