Бишкектеги эки дарыянын нугун тазалоо иштеринде 85 техника иштеп жатат

Бишкекти аралап өткөн Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларын тазалоо иштерине 30 экскаватор жана HOWO маркасындагы 55 жүк ташуучу унаа тартылды. Жалпысынан 85 техника иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

27-декабрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча башталган ири иштерди текшерген.

«Бул иштер биринчи жолу «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык», «Бишке касфальт сервис», «Бишкек суу канал», «Бишкек санитардык полигон», «Бишкек жарык» муниципалдык ишканалары жана ӨКМдин күчү менен жүргүзүлүүдө. Алдыдагы пландарда дарыянын жээгин ыңгайлаштыруу иштери каралган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын узундугу 15,7 чакырымды түзөт.