Бишкектеги эки мектептен коронавируска чалдыккан окуучулар аныкталды

Бишкектеги эки мектептен коронавируска чалдыккан балдар аныкталды. Бул тууралуу башка калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оору балдардан милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүү иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Бул эки үй-бүлөдө буга чейин коронавирус инфекциясы менен ооругандар болгон.

«Бардык зарыл болгон коопсуздук чаралары көрүлдү, эки билим берүү мекемесиндеги абал көзөмөлгө алынды. Бул балдар окуган класстар онлайн окууга жөнөтүлүп, эки апта бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Аларга сабак берген мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга милдеттендирилди»,— деп белгилешти мэриядан.

18-январдан тарта борбор калаанын 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары оффлайн режиминде билим алууга өтүшкөн.