Бишкектеги Эски аянтта өлкөдөгү туруктуулук үчүн митинг өтүп жатат (сүрөт)

Бүгүн, 15-майда Өкмөт үйүнүн имаратынын алдында өлкөнүн туруктуулугу үчүн митинг өтүп жатат. Бишкектин Эски аянтына болжол менен миңдей адам келген. Алардын көпчүлүгү элдик кошуундун мүчөлөрү. Чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөндөр тынчтык жана биримдикте жашоого, чагымчылардын сөздөрүнө кирбөөгө жана аларга моюн сунбоого, ошондой эле митингдерге чыкпоого үндөп жатышат.

Катышуучулар өздөрү тынчтык митингин өткөрүп жатабыз деп билдиришти. Тартипти Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат. Эски аянт унаа кыймылы үчүн жабык.