Бишкектеги Горький скверинде камактагы активисттерди колдоо митинги өттү

Бүгүн, 30-августта Горький скверинде камактагы активисттерди колдоо митинги өттү. Буга чейин алар Өкмөт үйүнүн жанына чогулушкан, бирок сот шаардын борбордук бөлүгүндө ар кандай нааразылык акцияларын жана тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салгандыктан, милиция кызматкерлери аларды тарап кетүүгө үндөшкөн.

Чогулгандар Адилет Балтабаев, Ырыс Жекшеналиев, Амангелди Акматов, Тилекмат Күрөңовду камактан бошотууну, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Орусияда дарыланууга бошотууну талап кылышты. Митингчилер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, Эгемендүүлүк күнүнө карата жогорудагы адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышты.