Бишкектеги Горький көчөсүнө жаңы аталыш берилеби?

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги Горький көчөсү шейх Заид бин Султан Аль Нахайян көчөсү деп өзгөртүлүшү мүмкүн экенин жазып жатышат. Маалыматты журналисттерге мэриядан тастыкташкан.

Муниципалитет бул маселе азырынча талкуунун гана деңгээлинде экенин белгилеген.

Заид бин Султан Аль Нахайян — Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти.