Бишкектеги инфекциялык ооруканага балдардын калчылдаган абалда түшүүсү уланып жатат

Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканага соңку эки күн ичинде 667 бейтап кайрылып, анын 314ү жаткырылды. Кайрылган бейтаптардын 422си курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан. Бул тууралуу аталган ооруканадан маалымдашты.

«Негизинен балдар ооруп жатышат. Алар оор абалда дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, калчылдаган жана аба жетишсиз болгон абалда келишүүдө. 19-декабрга карата реанимацияда 21 бала жатат», — дешти ооруканадан.

Стационар 500 орунга ылайыкташкан, бирок учурда 684 бейтап дарыланууда. Дарыгерлер курч респиратордук вирустук инфекциянын баштапкы белгисинде үй-бүлөлүк врачка кайрылууну, ал эми стационарга бир гана үй-бүлөлүк врачтын багыттамасы менен келүүнү өтүнүшөт.

Буга чейин SuperTV каналына Чүй облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаевдин берген маегинде «Тумоолоп калган балдарда реакция бат жүрөт, андыктан, калчылдап калгыча үйдө кармап отурбай, дарыгерге жеткиргиле, бала комага түшүп калышы мүмкүн» деген эле.