Бишкектеги Исакеев көчөсүнүн тилкесинде унаа кыймылы чектелет

Бишкектеги Исакеев көчөсүнүн Ауэзовдон Валихановго чейинки тилкесинде унаалар үчүн жол кыймылы убактылуу чектелет.  Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Бул аталган тилкеде оңдоо иштери башталганына байланыштуу. Планга ылайык, жумуш жай айында бүтөт.

«Бишкек асфальт сервис» ишканасы 2021-жылдагы планга ылайык, жаздын алгачкы күнүнөн тарта шаар жолдорун тартипке келтире баштаганы белгиленди.

Жакынкы айда төмөнкү көчөлөрдө оңдоо, жол куруу иштери жүргүзүлөт:

Бул жети көчөнү оңдоо үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, быйыл «Бишкек асфальт сервис» ишканасы шаардагы 27 көчөдө, жалпы узундугу 16,5 чакырым жолдо капиталдык оңдоо иштерин жасайт. Мындан сырткары, 2020-жылы башталып бүтпөй калган тогуз көчөдөгү узундугу 2.743 чакырым жолду оңдоо иштери бүткөрүлөт.