Бишкектеги Жал кичи районунун 29 үйү ысык суусуз калды

Жылуулук тармагындагы авариянын айынан Жал кичи районунун 29 турак үйүндө ысык суу жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түн ичинде болгон. «Бишкекжылуулук» ишканасынын оңдоо бригадасы жеринде иштеп жатышат. Алар аварияны бир нече сааттын ичинде жоюуга убада беришүүдө.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.