Бишкектеги жаңы автобустарга видеобайкоо камерасы орнотулуп жатат

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын автопаркы заманбап жана ыңгайлуу автобустар менен толукталууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 1000 автобус сатылып алынган, анын 500 даанасы ушул жылдын аягына чейин келиши күтүлүүдө. Жаңы ыңгайлуу автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт.