Бишкектеги жаңы «Ош базардын» жана автобекеттин курулушу кандай жүрүп жатат?

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы «Ош базарынын» жана автобекеттин курулушу менен таанышты.

Жаңы базарга аэропортко бараткан жолдун жээгинен Достук (Пригородное) айылынын маңдайынан жер бөлүнгөн.
Туманбаевдин айтымында, курулуштун жалпы аянты 162 гектарды түзөт. Жаңы комплексте дүкөндөр, павильондор, кафелер жана унаа токтотуучу жайлар болот. Жаңы «Ош базары» бүткөндөн кийин учурдагы базар жылдырылат.

Туманбаев курулуш иштерин күзүндө, ал эми жаңы автобекетти августта бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалады.