Бишкектеги жолдор качан оңдолуп бүтөт? Болжолдуу мөөнөтү

Бишкектин көчөлөрүндөгү оңдоо иштерин бүтүрүүнүн алдын ала мөөнөтүн мэриядан жарыялашты. Учурда Байтик Баатыр/Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.

20-августка чейин Ахунбаев көчөсүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, ошондой эле Абдрахманов көчөсү Аалы Токомбаевден Жибек Жолуна чейин бүтүрүүнү пландап жатышат.

18-июлда Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгүн жарым-жартылай жабуу менен иш башталып, ишти 20-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка чейинки бөлүгүндөгү иштерди аяктоо 10-15-октябрга чейин пландалып, мөөнөт проспектинин узундугун жана туурасын, ошондой эле аба ырайынын шарттарын эске алуу менен белгиленген.

16-июлда биринчи этап менен Юнусалиев көчөсү Сухэ Батор көчөсүнөн Сүйөркуловго чейин жапты. Капиталдык оңдоо иштери Сухэ Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин пландалууда.

Ошондой эле Манас проспектисинен 7-апрелге чейин Горький көчөсүн бойлой капиталдык оңдоо иштери пландалууда.

Курулуш мезгилин рационалдуу пайдалануу максатында көчөлөрдүн айрым участоктору бекитилген графиктен алда канча эрте жабылган. Оңдоо иштери графиктен 18-20 күн алдыда журуп жатат. Иштин жүрүшүн такай көзөмөлдөө максатында жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө онлайн камералар орнотулган.