Бишкектеги жолдорду жайында унаа аз кезде оңдоого болбойт беле? Вице-мэр жооп берди

«Бишкектеги жолдорду жайында унаа аз кезде оңдоого болбойт беле?» Мындай суроону бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Айканыш Ашырова мэриянын өкүлдөрүнө берди.

«Азыр болуп көрбөгөндөй унаа тыгындары болуп жатат»,- деди ал.

Ага вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жооп берди. «Быйыл жолдорду реконструкциялоо иштери көп болгондуктан, күзгө чейин бүтүрүшүбүз керек. Былтыркыдай 25-майда баштасак, бүтпөй калабыз», — деп жооп берди.