Бишкектеги жолду оңдоо: Тургундардын арызына карабай, түнү да иштөө тапшырылды

Бишкек мэриясында мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин жетекчилигинде жолдорду оңдоого катышкан шаардык кызматтардын, ошондой эле «ДорСтройГрупп» ЖЧКсы жана «Технотоп» подряддык компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери пландалып, учурда Манас проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иш жүргүзүлүүдө. Бул аймакта оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда жүрүп жатат, мэриянын өтүнүчү боюнча түнкү убакта да жумуштар аткарылууда. Тургундардын нааразычылыгына жана арыздарына карабай түнкү нөөмөттө иштөөнү улантуу тапшырмасы берилди. Шаардыктарга чыдамкайлык көрсөтүү сунушталат, бул бир аз убакытка гана созулат.

Байтик Баатыр/Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштери Жибек Жолу проспектисинен А.Токомбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт, учурда А.Токомбаев көчөсүнөн О.Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер жүргүзүлүүдө. Бул бөлүктө да иш тынымсыз жана графиктен озуу менен жүрүп жатат. Айрым маалымат булактарында жарыяланган видеоматериалдардын анализи бул аймакта оңдоо иштери токтотулду деген маалыматты тастыктаган жок. Видео материалдар таң эрте, иш күнү баштала электе тартылган болушу мүмкүн. Подрядчик уюмга асфальт төшөөнү ишемби күнү, 8-июнда саат 05:00дө баштоо тапшырмасы берилди.

Жол иштери аяктоо алдында турган көчөлөрдүн аталган тилкелери боюнча «Бишкекасфальтсервис» ишканасына жол сызыктарын чийүү, ошондой эле жаңы жол белгилерин орнотууга даярдык көрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле жаңыланган кесилиштерде чакмак белгилердин жана диагоналдык жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн зарылдыгын изилдөө тапшырмасы берилди.

Райондун акимдерине керектүү фасад иштерин жүргүзүү, шаардын көркүн бузуп жаткан объектилерди демонтаждоо, ошондой эле ирригациялык лотокторду бир эле мезгилде реконструкциялоо, иштер жүрүп жаткан аймактардагы жашыл аянтчаларды автоматтык түрдө сугарууну камсыз кылуу боюнча бардык күч-аракетти көрүү тапшырылды.