Бишкектеги Жолон көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык

Бишкектеги Жолон көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен узундугу 1200 метр болгон участок реконструкцияланды.

Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метр, жолдун эки тарабында жөө адамдар басуу үчүн 1,5 метрлик тротуар бар. Жол куруу иштери ирригациялык тармактарды жаңыртууну эске алуу менен жүргүзүлдү.