Бишкектеги жөө жүрүш бул жолу окуу акысын төлөй албай жаткан студенттерди колдоо иретинде болуп өттү

Бүгүн, 17-январда Бишкекте аптанын ар жекшемби күнү адат болуп калгандай жөө жүрүш болуп өттү. Ал Баш мыйзамдын жаңы долбооруна, референдумдун өткөрүлүшүнө каршы уюштурулуп келет. Бул жолу жөө жүрүштө бийлик окуу акысын түшүрүүдөн баш тартып койгон студенттерди да колдоп, алардын үнүн акциянын жүрүшүндө угузууга аракет кылышты.

Темир жол бекетинде башталган жөө жүрүш “Ала-Тоо” аянтында аяктады. Катышуучулар колдоруна студенттерди колдогон плакаттарды көтөрүп, «Студенттер үчүн мыйзамдуулук», «Студент ойгон! Студент ойлон! Студент коркпо! Студентти колдо!» деп кыйкырып жатышты.

Буга чейин 30дай университеттин 3 миңдей студенти биригип, окуу жайларга бойкот жарыяларын билдиришкен эле. Алар бийликтен окуу акысын төлөө боюнча маселени чечип берүүгө жардам сурашууда. Бирок билим берүү жана илим министрлиги «жогорку окуу жайлардын окуу акысы ылдыйлабайт, себеби ал акча жалгыз каржы булагы» деп жооп кылган.