Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу аталган райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
30-октябрь күнү Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Фучик көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринен саат 22:00 чамасында медициналык мекемеге 1988-жылы туулган жаран кайрылып, ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Анын баш сөөгүнөн ачык жаракат алып, белгисиз адам тарабынан сабалганы тууралуу айтылган. Бул факты боюнча райондук башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, улуттук бейтапканага жогоруда аталган жаран медициналык тез жардам кызматы менен жеткирилгенин жана денесине оор жаракат алганы белгилүү болгон.
Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, 1984-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.