Бишкектеги кайсы мектептерде окуу 7:30да башталат? Тизме

Мэрия маалымат таратып, Бишкектеги 44 мектеп сабактарды 7:30да баштамай болгонун билдирди.  Маалыматка караганда, борбордо буга чейин эле 14 мектепте окуу саат 07:30да башталчу. Жаңы окуу жылында ага дагы 30 мектеп кошулат.

Буга чейин №69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67 мектептер жогоруда айтылган саатта окуп келишкен.

Эми аларга төмөнкү 30 мектеп кошулмакчы: 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, Лебединовкадагы №1 гимназия-мектеби.