Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары өкмөт үйүнүн алдында кайрадан митинг өткөрүшүүдө

Бүгүн, 1-февралда «Караван» соода борборунун ижарачылары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Соодагерлер өкмөткө эки талап коюшууда.

Биринчиси, «Караван» соода борборун электрондук соодадан чыгаруу жана алар менен ижара келишимин түзүү болсо, экинчиси алардын жарандык укуктарын коргоо талабы.

Митингчилердин айтымында, аталган маселелер менен алар 2 жылдан бери депутаттарга, өкмөткө, президентке кайрылып келишет. Бирок жыйынтык чыга элек. Ижарачылар бул аралыкта ижара келишими жок иштеп, акча каражаты каякка сарпталып жатканын билишпей турганын айтышты.

Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кийинчерээк «Мүлк» мамлекеттик ишканасына берилген. Азыр соода борборунда 200дөн ашык күркө бар. Ижарачылар буга чейин да бир канча жолу митингге чыгышкан. Акыркы жолу өткөн жылдын 11-ноябрында да нааразычылык акциясын уюштурушканда тийиштүү тараптар  менен жолугушуп, алар аталган маселелер чечилээрин убада кылышкан болчу.