Бишкектеги карылар үйүндө жашагандар башка жатак-үйгө которулат

Бишкектеги карылар үйүнүн айрым кызмат алуучулары Нижняя-Серафимовка айылындагы жатак-үйүнө которулат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Нижняя-Серафимовка айылындагы карылар үйүнө убактылуу кошумча 30 орун уюштурду.

Бул иш-чара бүгүн, 2-февралда ЖЭБте болгон аварияга байланыштуу, Бишкек шаардык карылар жатак үйүнүн кызмат алуучуларынын бир бөлүгүн убактылуу жайгаштыруу максатында ишке ашырылды.