Бишкектеги кичи автобуста жаран көз жумду

Бүгүн, 10-августта Бишкекте кичи автобустагы жаран көз жумду. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя №111 кичи автобуста болгон.  Жүргүнчүлөр башында маркумдун өзүн кадимкидей сезип, телефондон бир нерселерди карап жатканын көрүшкөн, бир маалда өзүн жаман сезип, талмасы кармап, жыгылып калган. Кичи автобус Чүй проспектисиндеги аялдамадан алыс эмес жерде токтогон. Жүргүнчүлөр эс-учун жоготкон адамды жолдун четине алып чыгып, тез жардам чакырышкан. Алардын айтымында, тез жардам 25-30 мүнөттө келген. Тилекке каршы жаран көз жумган. 

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал жумушка бара жаткан. Милициянын кайгуул кызматы маркумдун жакындары менен байланышып, тергөө тобун чакырышкан.