Бишкектеги коомдук транспорттун абалын чагылдырган сүрөт

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөдү. Анын айтымында, сүрөт кечээ, 24-октябрда тартылган.

«Сексуалдык ыдык, кичинекейлердин телефондорун, акчаларын уурдоо, кийим-кечектин айрылып калышын ким коргойт? Жок дегенде окуучуларга өзүнчө автобус киргизсек жакшы болот эле»,- деп жазды ал.