Бишкектеги көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени тапшырылды (сүрөт)

Бишкек шаарында көп балалуу энелер салтанаттуу түрдө «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын төрт районунун акимдери аларды татыктуу мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалашты.