Бишкектеги көп кабаттуу үйдө жамгырдын суусу агып жаткан видео тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте жайгашкан көп кабаттуу үйдө тартылган видео менен бөлүшүп жатышат. Видеодон көргөндөй, “Флоренция” турак жай комплексинин кире беришине жамгырдын суусу кирип жатканын көрүүгө болот. 

Маалыматка караганда, турак жай Elitе House курулуш компаниясына таандык. Үй шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашкан.