Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Жыйында баяндама жасаган Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, макулдашуунун алкагында жылына 20 кыргыз дарыгери Түркияда билимин жогорулатып келет. Оорукананын башкы дарыгери Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан, ал эми директордун үч орун басары кыргыз тарап тарабынан дайындалат.
Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган. Медициналык борбордун түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү. Мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү иштейт. Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.