20-сентябрда борбор калаада аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
20-сентябрда төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:
— ЛОТ №1958.1 Асанбай кичирайону Г.Айтиев, 2/1 дарегиндеги бассейн, бассейндин аянты 329,0 м2, жанаша аянты 1063,0 м2;
— ЛОТ № 1948.1 Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы, парктын жалпы аянты 5,5 га, турак эмес жайлар менен 577,9 чарчы метр.
Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.








