Бишкектеги «кызыл зонада» иштеген медицина кызматкерлерине кенемте төлөнө элек

COVID-19 менен ооругандар дарыланган «кызыл зонада» иштеп жаткан медицина кызматкерлерине бир айдан ашык убакыттан бери кенемте төлөнө элек. Журналисттерге «кызыл зонада» иштеп жаткан бир катар ооруканалардын медицина кызматкерлери кайрылып, коркунучтуу зонада иштегендиги үчүн бир айдан ашык убакыттан бери аларга кенемте төлөнбөй жатканын билдиришкен. «Май айынын акчасын ала элекпиз, азыр болсо июндун аягы болуп калды», — дешкен алар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Экономика жана финансы министрлиги тарабынан каржылоо болбой жатканын маалымдады. «Биз бардык документтерди даярдап, күтүп жатабыз. Бүгүн-эртең акча түшөт деп үмүт кылабыз», — деп жооп кылышты фонддун басма сөз кызматынан.