Бишкектеги Ленин райондук округу боюнча шайлоо башталды

Бүгүн, 28-майда саат 08:00дө Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды.

29 талапкер ат салышып, алардын бирөө шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланат. 

Добуш берүү саат 8:00дө башталды. Райондо 51 шайлоо участогу саат 20:00дө жабылат. Райондо 124 миң 908 адам каттоодо турат, анын ичинен 54 миң 678 эркек, 70 миң 230 аял.

“Кемпир-Абад” деп аталган иши боюнча үч айыпталуучу – экс-депутат Равшан Жеенбеков, жарандык активист Илгиз Шаменов жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев парламенттеги мандат үчүн күрөшүп жатышат. Алардын баары бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен Бишкек СИЗО-1де кармалууда.

Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо 11-июнга чейин болот.