Бишкектеги Лев Толстой көчөсү оңдолуп, ачылды

Борбор калаада Лев Толстой көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарында капиталдык оңдоодон кийин Лев Толстой көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин ачылды. Ишти «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы 2024-жылга карата титулдук тизменин негизинде жүргүздү. Капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасы жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле дренаж үчүн кошумча скважина орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, люктар туураланып, шагыл мастикалык асфальтбетон төшөлдү.