Бишкектеги май куюучу жайларда күйүүчү майга чек коюлду

Бишкектеги бир катар май куюучу жайларда күйүүчү май сатып алууга чек коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бензинди 1000 сомдон ашык эмес баада сатып алууга болот. Өзгөчө чектөөлөр АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге тиешелүү. Май куюучу жайдын кызматкерлери муну күйүүчү майдын жоктугу менен түшүндүрүүдө.

«Өткөн жумадан бери айрым май куюучу станциялар жабылды. Эмне болуп жатканын сурасаң, күйүүчү май жок деп айтышат», — деп жазылат маалыматта.