Бишкектеги маршруткада жаш кыз эсин жоготуп жыгылды

Бүгүн, 27-июнда Бишкектеги маршруткада жаш кыз эсин жоготуп жыгылган. Бул тууралуу окуянын күбөсү Назгүл Мамытова жазып чыкты.

«203-маршруткадан бир кыз эсин жоготуп жыгылды. Кайдыгер эмес жарандар алып түшүп, аялдамага жаткырып, Тез жардам чакырышты. Кызды алып кетишти. Маршруткалардын люктары өтө кичине, айнектери ачылбайт. Мээ кайнаткан ысыкта картошка жүктөгөнсүп тыгып алышат! Кыскасы бардык тармакта бардак! Көзөмөл кылган бир жан жок! Эмне үчүн маршруткалардын айнектери ачылбайт! Дагы канча киши эсин жоготуп жыгылыш керек?! Же сөзсүз эле өлүш керекпи?!»- деп суроо салды ал.

Тез жардам борборунан билдиришкендей, жардам көрсөтүлгөндөн кийин кызга үйүнө кетүүгө уруксат берилген. Ал ооруканага жаткырылган эмес.