Орозо айт намазы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу 13-май күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00до башталмакчы. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Айт намаздын программасы

07:00-07:15 — Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:15 — Айт намаз

Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.

  • Бет каптын болуусу талап кылынат;
  • Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат;
  • Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метр аралыкты так сактоо;
  • Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
  • Дааратты үйдөн алуу;
  • Балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
  • Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.