Бишкектеги мейманканада табылган 3 кишинин жансыз денеси. Өлүмдүн болжолдуу себеби айтылды

Буга чейин Бишкекте 3 адамдын жансыз денеси табылганы маалым болгон. Свердлов РИИБ окуя тууралуу маалымат берген. «Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан мейманканада 3 кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөгөн, текшерүүдө денесинде жаракаттары жок эркек жана эки аялдын жансыз денеси табылган.

Милиция кызматкерлери каза болгон адамдын аты-жөнүн тактап, эркек кишинин 1984-жылы туулганы такталган. Эки аялдын аты-жөнү такталып жатат. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

«Сводка АКИpress» өздүк булактарына таянып, окуянын чоо-жайын жазышты. «6-апрелге караган түнү 3 кыз жана 1 эркек киши алкоголдук ичимдиктерди ичип, синтетикалык баңгизаттарды колдонгон. Кыздардын бири уктамакчы болуп жаткан. Калган үчөө отурушту уланткан. Кыз ойгонуп, достору уктап жатканын көргөн. Ал аларды ойгото албай койгон. Алардын биринин оозунан көбүк чыгып калган. Кыз жардам сурап мейманкананын администрациясына кайрылган, алар өз кезегинде милиция менен Тез жардам кызматын чакырышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар баңгизаттын ашыкча колдонгондон каза болушкан», — деп айтылат маалыматта.