Бишкектеги мейманканаларда, сауналарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек ШИИБдин кызматкерлери «Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

30-ноябрдан бүгүнкү күнгө чейин борбор калаада «Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан социалдык жоопкерчилиги төмөн 753 кыз аныкталып, райондук башкармалыктардын Тергөө кызматтарына өткөрүп берилген, алардын ичинен бир катар жарандар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылган.

Ачылган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесине (сойкулук кылууга тартуу) жана 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иштери козголуп, анын ичинен 10 жаран тартылды.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлер Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мейманканалардын, сауналардын жана күнүмдүк ижарага алынган батирлердин ээлери жана администраторлору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда шаардын аймагында интимдик кызмат көрсөткөн адамдарды жана конуштарды аныктоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.