Бишкектеги мектепте сабалган 7 жаштагы баланын апасы кайрылуу жасады

Бишкектеги мектепте сабалган 7 жаштагы баланын апасымын деген аял бийликке кайрылуу жасады. Анын айтымында, уулу учурда ооруканада дарыланып жатат.

«Учурда биз тарапты каралоо аракеттери жүрүп жатат. Менин 7 жаштагы уулум 34 жаштагы кишини ур-токмокко алууга жеткириптир. Ал эми Ленин РИИБдин тергөөчүсү башынан эле кылмыш ишин козгобоого аракет кылып жатты. Азыркыга чейин психоневрологиялык экспертизага багыттама бербей жатат. Окуя 12-апрелде болгон, бүгүн, 18-апрель ушуга чейин берише элек. Алар атайылап ишти создуктуруп жатат деген ой келет. Уулумду айбанча сабап жатса, бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду. Себеби өлкөдө балдардын укугун коргогон берене жок экен. Мыйзам боюнча шектүү 20 миңден 50 миң сомго чейин айып төлөп, кутулуп кетиши мүмкүн экен. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, биз Кыргызстандын келечегин, Кыргыз Республикасынын патриотторун жарык дүйнөгө алып келген энелербиз! Менин сиздерден чоң өтүнүчүм алдарыбыздын коопсуздугун камсыз кылыңыздар жана уулумду сабаган жаран жазасыз калбасын»,- деди ал.