Бишкектеги мектептер шайлоо алдында аралыктан окууга өттүбү? Мэриянын жообу

Бүгүн, 25-ноябрда бир нече ЖМКлар Бишкектеги мектептер шайлоого байланыштуу аралыктан окууга өткөнүн жазып чыгышты. Мэрия бул боюнча комментарий берип, шайлоо алдындагы күндөрү бардык билим берүү уюмдары салттуу форматта иштей турганын билдирди.

«29-ноябрда шайлоо участкалары жайгашкан мектептерде жана бала бакчаларда борбор калаанын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын санитардык буйругуна ылайык санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Сабактар ​​токтотулат»,- деп айтылат маалыматта.