Бишкектеги Москва көчөсүнүн тилкеси 5-апрелден тарта жабылат

Бишкектеги Москва көчөсүнүн тилкеси 5-апрелден тарта жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 5-апрелден тарта Москва көчөсүн жабуу пландалууда. Бул чаралар канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу кабыл алынган. Москва көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.