Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатында чыккан өрт чектөөгө алынды

Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 12:19да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, жеринде ӨКМден 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер иш алып барууда. Андан тышкары Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылды.