Бишкектеги Октябрь РИИБдин башчысынын мурдагы орун басарынын сөөгү табылды

Октябрь РИИБдин башчысынын мурдагы орун басары Ботаникалык бакта асынган абалда табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-февралда аялы арыз менен кайрылып, 4-февралда болжол менен саат 10:00дө 1979-жылы туулган жолдошу чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал учурдагы милиция кызматкери болгон.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 6-февралда болжол менен саат 13:55 чамасында анын жансыз денеси Ботаникалык бакта асынган абалда табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Териштирүү жүрүп жатат.