Бишкектеги өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери жүрүп жатат (сүрөт)

Борбор калаада өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жаңы жылдык жасалганы «Тазалык» жана «Бишкек жарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери алышат. Карагайдын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактар «Тазалык» ишканасында сакталат, балатынын жасалгалары жана инсталляциялары тыкан ажыратылып, таңгакталып «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын кампасында сакталат.