Бишкектеги оңдолуп жаткан борбордук стадиондун эскиздик долбоору көрсөтүлдү

Кечээ, 20-июнда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун реконструкциясынын талкуусуна арналган жыйын орун алды.
Жыйын КФБ президенти Камчыбек Ташиев, Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары Айбек Абдымомунов, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жана Жеңил атлетика боюнча федерациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Чогулушта реконструкция маселелери каралып, стадионундун эскиздик долбоору сунушталды.