Бишкектеги «Орто-Сай» базарына кире албай калган соодагерлер жолду буушту (видео)

Социалдык тармактарда видео тарап жатат. Видеодон жарандардын Сүйөркулов көчөсүнүн тосуп алганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, жол тоскондор «Орто-Сай» базарындагы соодагерлер. Алардын айтымында, базар дүйшөмбү күнү тазалоого жабылат. «Бирок бизди аймакка киргизишет, контейнерлерди тазалайбыз, товарды текшеребиз, бирок соода кылбайбыз. Бүгүн бардык дарбазалар жабык. Алар базар эми дүйшөмбү күнү эле эмес, бейшемби күнү да жабыларын айтышты. Албетте, эл нааразы боло баштады, анткени көп адамдар контейнерлерди ижарага алып, иштеген-иштебегенине карабай акча төлөшөт”, — дейт сатуучулардын бири. 

Соодагерлер жолду жапкандан кийин базардын дарбазалары ачылып, иштөөгө уруксат берилген.