Бишкектеги «Ош базарынын» айланасы жашылдандырылып жатат (сүрөт)

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы Чүй проспектиси Бейшеналиева менен Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүктө капиталдык курулуш иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Шаардын батыш тарабындагы жашыл көрүнүштү жакшыртуу, «Ош» базарына жакын жердеги жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында иштер жүргүзүлүүдө. Учурда жашыл чарбанын жумушчулары тарабынан бетон тосмо орнотулуп, сугат суу менен камсыз кылуу үчүн борбордук магистралдык түтүк тартылып, топурак тегизделип, тиричилик таштандыларынан жана таштардан тазаланды.

Тилкеде атайын автоматтык сугаруу системасы менен жүргүзүлөт. Ал үчүн суу кудук аркылуу берилет. Чүй проспектиси Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин азыр 1500 ийне жалбырактуу туя менен кооздолду. Ал эми ийне жалбырактуу дарактардын тосмосу шаардыктардын жолду туура эмес кесип өтүшүнө жол бербейт.