Бишкектеги «Панфилов» сейил багына жаңы аттракциондор орнотулат. Мэрия инвесторлорду издеп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы «Панфилов» атындагы сейил багын масштабдуу оңдоону пландоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул муниципалдык менчик комплекстерин эффективдүү жана сарамжалдуу башкаруу үчүн жасалууда.

Мэрия «Панфилов» атындагы сейил бакты 4,65 гектар жер тилкеси менен сейил бакты жакшыртуу жана реконструкциялоо үчүн беш жылдык мөөнөткө «Балдар оюн-зоок» ЖЧКсына берилгенин эске салды. Келишимге 2009-жылдын 10-майында кол коюлуп, кийин 2017-жылы узартылган. «Бирок ижара мөөнөтүндө сейил бакты көрктөндүрүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Ведомство учурда паркты жакшыртуу үчүн жаңы инвесторлорду тартуу маселесин карап жатат. Тиешелүү кызматтар менен биргеликте жаңы аттракциондорду орнотуу, кассалык аппараттарды киргизүү, ошондой эле оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда», — деп айтылат маалыматта.